Автобуска коюлган бомбанын жарылуусунан беш адам мерт кетип, дагы 60 адам оор жараат алды. Бомба шаардын борборундагы орто мектептин жанында жарылган. Кабарларга ылайык, жарадар болгондордун арасында жоокерлер жана балдар бар. Азырынча бул террорчулук үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.