Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

14:20 О. Молдалиев: Аянтка чыгып кыйкыргандан тынч нааразылык коркунучтуу


«Кыргызстанда шайлоодон кийин нааразылык болгон жок деген туура эмес, эгер социологиялык сурамжылоо жүргүзүлсө эл кандай нааразы болуп жатканы белгилүү болот», - деп билдирди саясат таануучу Орозбек Молдалиев бүгүн «Азаттыкка» берген маегинде. Анын пикиринде, эл митинг-пикеттерге чыкпаса эле нааразылык жок деген туура эмес, аянтка чыгып кыйкыргандан тынч нааразылык коркунучтуу жана ал жарылууга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан азыркыдай шартта 24-марттагы окуя кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт жана демократияны азайтып, күчкө таянган жерде дайымо ошондой окуялар болушу мүмкүн. Саясат таануучу ушундан улам «оппозиция унчуга албай калды, оппозицияны басып салдык» деген пикирлер туура эместигин белгилейт.(SM)

XS
SM
MD
LG