Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:06

17:50 И. Чудинов: Зилзаладан жабыркаган аймактар курулуш материалдары менен камсыздалат

Мындай билдирүүнү өкмөт башчы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча Ош облустук администрациянын жыйынында жасады. Жыйында премьер-министр табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга бардык күчтү жумшаш керек экендигин белгиледи. «Курулуш материалдары менен кошо жабыркагандар палаткалар, жылуу кийимдер жана азык-түлүк менен үзгүлтүксүз камсыздалып турат», - деп билдирди Игорь Чудинов. Ош шаарына келерге чейин өкмөт башчы жер титирөөдөн катуу жабыркаган Башбулак жана Нариман айылдарын изилдеп чыккан болчу. Ушуну менен премьер-министр баштаган өкмөттүк делегация иш сапарын аяктады деп кабарлады өкмөттүн маалымат кызматы. (JTo)
XS
SM
MD
LG