Чукул кырдаал министрлигинен алынган соңку маалыматка караганда, адистердин катышуусунда азырынча Ош облусундагы 2000 үй текшерилип, анын 300 чактысы, ошондой эле 8 мектеп, 1 оорукана, 1 айылдык клуб жараксыз деп табылды. Кырсыктан катуу жапа чеккен Карасуу районуна караштуу Карасөгөт, Тогузбулак, Лаңгар кыштактарынын 230 жашоочусу чатырларда жашап жатышат. Ноокат районунун тургундары деле кудум ушундай акыбалда.
Карасуу районундагы Тогузбулак айылынын тургуну Ырысбек Айтибаев Чукул кырдаал министрлиги тараткан чатырлар жайкыга ылайыктуу экендигин, анда түнөгөн балдар түгүл чоң кишилер ооруп жатышкандыгын төмөндөгүчө баяндады:
- Палаткада 7 баш адам жаттык, же жарык жок, же жылуу жок, тоңуп кала жаздадык. Айла жок, үйгө киришке мүмкүн эмес. Палаткага жашоого болбойт, - деди Ырысбек Айтибаев.
Жер титирөөдөн Карасуунун Тогузбулак кыштагынын бүтүндөй 100 үйү тең кыйраган. Кышкы ызгаарда бала-чакасы менен чатырда титиреген Жамийла аттуу келин чукул кырдаал министри Камчыбек Ташиевдин жана эл турмушун бир жактуу чагылдырган өкмөттүк телевидениенин дарегине сын жолдоп, аны жердештерин чукул арада, турак жай менен камсыздоосун өтүндү.
- Бири күнү өтө коркунучтуу болду. Кечээ МЧСтин балдары келди. Түштүктө болуп атат айланайындар, - дейт Жамийла.
Биринчи вице-ремьер-министр Искендер Айдаралиев : "Бул палаткаларда жашаш болбойт. Биз кечээ күнү айттык",- деп кычыраган суукта жабырлануучуларды чатырларга жайгаштырууга катуу тыюу салды.
Ош облус губернатору Аалы Карашев чатырдан башка каерде жашатабыз дегендей түр көрсөтүп, Карасуунун Тогузбулак айылына 100 чатыр, 1 машине көмүр жөнөтүшкөндүгүн кайрадан эске салды.
Ош жергесинин кырсык баскан жерлерин кыдырып Бишкекке кайтаардын астында Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Искендер Айдаралиев «Азаттыктын» кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, апааттан жапа чеккендер көңүл сыртында калбастан, мамлекеттин такай камкордугунда болооруна ишендирди.
- Мамлекет болгондон кийин мамлекет камкордук кылат. Мен ойлойм биздин президентибиз да буга түзмө-түз кийлигишип, маселелерди чечкенге аракет кылат.