Өткөн жылдын этегинде тендердин негизинде «Баткен нефтегаз» акционердик коомунун 100 пайыз акциясын Кытайдын эл аралык мунай чалгындоочу «Чжунен» жеке компаниясы сатып алган. Бул тууралуу облустук акимчиликтен «Азаттыка» маалым кылышты. «Чжунен» компаниясы «Баткен нефтегаз» акционердик коомуна үч миллиард сом инвестиция жумшоого милдеттенип, өнүдүрүш кубаттуулугун көбөйтүү менен керектөөчүлөрдүн жаңы рыногуна чыгууну максат кылууда. (SA)