Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:49

АКШ МЕНЕН ПАКИСТАНДЫН АЛАКАСЫ КАНТЕТ?


Пакистанда экс-премьер Беназир Бхуттонун өлтүрүлүшү менен Кошмо Штаттары бул өлкөдө президент Первез Мушарафка демократиялык тең салмак болуучу союздашынан айрылып калды. Эми бул тең салмакты камсыз кылуу үчүн Вашингтон башка оппозиция өкүлдөрү менен алакасын кеңейтиши керекпи? Бухуттодон кийин, Кошмо Штаттары канткенде Пакистандагы туруктуулукту колдоп, өлкөнүн демократия жолуна кайтып келишине жетише алат? Мына ушул өңдөнгөн суроолорго АКШнын тышкы иштери боюнча белгилүү аналитик жооп берди.

27-декабрдагы кол салуудан кийин ооруканага жеткирилген Бхуттонун көп узабай каза тапканы тууралуу кабарды анын колдоочулары ый-капа менен кабыл алышты. Бхуттонун өлүмү анын Пакистандагы колдоочуларын гана бейпайга салган жок. Бул кошмо Штаттарын да Пакистанда бийликти 1999-жылы күч менен тартып алган президент Первез Мушарафты тең салмактоочу таянычынан ажыратты. Акыркы айларда өлкөнү чукул жардык менен башкарып келген Мушарап 8-январда шайлоо өткөрүп, демократияны толугу менен калыбына келтирем деп убада кылып жаткан. Беназир Бхуттонун өлүмүнөн кийин, шайлоо 18-февралга которулду.

Беназир Бхуттого буга чейин да кол салуулар болгондугун эске алганда, Буштун администрациясы башка оппозиция лидерлери менен да алака түзө жүргөндө болмок беле?

АКШнын Мамлекеттик жана коргонуу департаменттеринин чалгын иштери боюнча мурдагы аналитиги Энтони Кордесмандын ишениминде, Кошмо Штаттары буга чейин колунан келгенинче аракеттенип келди.

Учурда Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунда окуган Кордесман Азаттыкка Пакистанда Бхуттодой эч ким сүймөнчүккө ээ болбогонун, Бхуттону колдоо менен Кошмо Штаттары Пакистандын калкына жугумдуу саясий лидерди тандап алганын белгиледи:

– Пакистандагы секулярдуураак, прагматик саясатчыларды ылгай келсек, Бхуттого тең боло турган эч ким жок болчу. Эгер АКШ Бхуттодон популярдуулугу төмөнүрөөк бирөө менен алака түзгөндө, Пакистанда колдоосу чектелүү адамды таңуулаган болуп калмак.

Бхуттодон сырткары дагы бир экс-премьер Наваз Шариф да пакистандыктардын арасында жакшы таанымал. Шарифти Мушараф Саударавияга сүргүнгө айдаган, ал Пакисатанга жакында эле кайтып келди. Бирок Кордесман белгилегендей, Шарифтин Мушараф менен акаласы Бхуттонукуна караганда кыйла начар, ошондуктан анын президент менен мунасага келиши кыйыныраак.

Ошол эле убакта Кордесмандын айтымында, Кошмо Штаттары Пакистанда саясатчыларды колдоодон башка эч иш кылган жок деп айткан туура эмес. Вашингтон мисалы Мушарафка шайлоо өткөрүүгө, Пакистандын президенттиги менен армияны бир-биринен обочо кармоого, армиянын контрчалгын иштерине көбүрөөк тартылышына кысым жасап келатат. Бирок жалпысынан Кошмо Штаттарында мүмкүнчүлүктөр чектелүү:

- Менимче, эл аралык көзөмөл астында адилет шайлоо өткөрүп, Бхуттонун өлтүрүлүшүн иликтөөдө Британиянын бейтарап иликтөө жүргүзүшүн колдоодон башка Кошмо Штаттарында көп амал жок. Чындап айтканда, Кошмо Штаттары колунан келгенди буга чейин эле жасады.

Демек демократиялык тең салмактоочу таянычынан ажыраган Кошмо Штаттарында Мушараф менен акалакашуудан башка амал калган жок деп айтсак туура болобу?

Бул суроого жооп берип жатып, Кордесман Вашингтон Пакистан үчүн жоопкерчиликтүү деп ойлогон туура эмес экендигин белгиледи. "Пакистандын келечеги пакистан элинин, алардын өкмөтүнүн, армиясынын жана коопсуздук күчтөрүнүн колунда" дейт америкалык баяндамачы.

XS
SM
MD
LG