Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлиги бул программаны үч жылга түзүүдө. Анын негизинде өлкөдө дан эгиндеринин улуттук запасын жана ири азык-түлүк корпорацияларын түптөө ишке ашырылмакчы. Программа өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздап, ички рыноктогу ага болгон бааны жөнгө салуу максатында кабыл алынат. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинде жумушчу комиссия түзүлүп жатат.(EKa)