Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Тойгонбек Калматовдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, зыяратчылардын акыркы тобу эртең Жидда-Стамбул-Бишкек аба каттамы боюнча учуп келишмекчи. Түштүк аймактарынан Ош аба майданы аркылуу кеткен зыяратчылардын акыркылары болсо кечээ учуп келишкен. Мусулманчылыктагы ажылык парзын аткаруу үчүн Меккеге быйыл Кыргызстандан 4600дөй зыяратчы барган.(SM)