Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:02

17:04 A. Кызалакова: Грузияда шайлоо салыштырмалуу мыйзам чегинде өттү


Көз карандысыз байкоочу Айгүл Кызалакова Грузияда кечээ өткөн президенттик шайлоого Кыргызстандан байкоочу катары көз салган. Анын айтымында грузин шайлоочуларынын активдүүлүгү өтө жогору болду. Ал эми байкоочулар эч кандай тыюуусуз, шайлоо участкаларында эркин жүргөнүн белгиледи. “Бул шайлоодо одоно мыйзам бузууларды байкаган жокмун бирок Кыргызстанда жакында эле болуп өткөн парламенттик шайлоодогудай эле шайлоочулардын тизмеси менен мүчүлүштүктөр болду. Оппозиция да күчтүү болду жана алар мыйзамдан чектебей иш алып барганы жакты. Эми Кыргызстанга барганда шайлоо кодексинде байкоочлуардын укукугун кеңейтүү маселесин көтөрөбүз го, себеби бизде байкоочулардын укугу таптакыр чектелген”, - деди байкоочу. Грузиядагы шайлоонун жыйынтыгы үч күндөн кийин анык болмой болду. Алдын ала жыйынтыктарга ылайык алдыга озуп чыккан эки талапкер белгилүү. Алардын бири учурдагы президент Михаил Саакашвили, экинчиси бириккен оппозиянын өкүлү Леван Гачечиладзе. (ESu)

XS
SM
MD
LG