Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:39

КЫРСЫК БАСКАН ЭЛ БАКИЕВ БАСЫП КЕЛБЕГЕНИНЕ КЫЖААЛАТ


Ош областында зилзаладан жабыр тарткандар президент менен парламент төрагасы кыйын кезеңде калкынын тагдырына кайдыгер карап жатат сындашып, алар жакын арада өздөрү келип кабар албаса, массалык түрдө нааразылык акциясына чыгаарын айтышууда. Кырсык болгон аймакты кыдырып көргөнү келген вице-спикер Чолпон Баекованын жана башка депутаттардын жер титирөөдөн жапа чеккендерге жардам көрсөтүү жөнүндө берген убадаларына алар ишенбей жатышат.

Жогорку Кеңештин вице-сипкери Чолпон Баекова жетектеген депутаттар тобу эки күн бою Ош облусундагы жер титирөөдөн жапа чеккен аймактарын кыдырып, жабырлануучулардын арыз-муңдарын тыңдап, көйгөйлөрүн кагазга түшүрүп, маселени парламентте кабыргасынан коюшаарын убада кылып кайтышты.

Карасуу районунун Тогузбулак айылынын тургуну Уулкан Алимбекова кыргызстандыктардын башына күн түшкөндө жалпы эл шайлаган Президент Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңеш спикери Адахан Мадумаров каникулун, башка иштерин жыйыштырып коюп, кырсыкка кабылгандардан кабар албагандыгына кейип-кепчип, али да кеч эместигин туюндурду.

- Сууктун күнү кыйын экен. Президентибиз келип деле кабар алса болот эле. Депутаттарыбыз, премьер-министр келип кетти. Алар эртең силерге жакшы жардам берилет, гуманитардык жардамдар келет деген. Жылуу палаткалар берилет деди эле. Мына үч палатка берилди. Бирок ага деле адам отурууга мүмкүн эмес экен. Андан көрө бизге жылуу палаткаларды берсин. Күтүп жатабыз, - деди Уулкан Алимбекова.

Ал эми апааттан жабыркаган Ош шаарынын жашоочусу Салтанат Алымбекова мамлекет жетекчилиги алардын талабын аткармайынча үйлөрүнөн жылбастыгын, жергиликтүү мамлекеттик органдар жанды кашайтса, аргасыздан өлкө жетекчисине чейин барып, массалык түрдө пикет, ачкачылык жарыялашаарын маалымдады.

- Эгерде бизге сөз жүзүндө айтып, алдап койсо, пикетке чыгууга туура келет. Бакиевге барабыз, ачкачылык жарыялайбыз, - ушинтти Салтанат Алымбекова.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Чолпон Баекова кайгыда олтургандардын капачылыгын тең бөлүштүн ордуна парламент учурда каникулда экендигин, ошого карабастан минтип мекендештеринин акыбалын суроого убакыт табышкандыгын, азырынча 30 адамга спикердин корунан 300 миң сом ажыратышкандыгын, 10-январдагы сессиясында 2008-жылдын бюджети талкууланаарын, ошондо жер титирөөдөн кырсыктагандарга кошумча каражат караштырылаарын «Азаттыкка» маалымдады.

Жергиликтүү талдоочу Кадырбек Байгазиев мындай учурда Жогорку Кеңеш чукул сессиясын чакырып, өлкөдөгү акыркы кырдаалды кароого милдеттүү экендигин, а түгүл жогорку эшалондогу жетекчилер калк арасында болуп, алардын ысык-суугун тең бөлүшсө, азыркындай социалдык чыңалуу болбойт эле деген маанайда.

- Ушундай мезгилде, албетте, биз шайлаган парламентарийлер, биз шайлаган жетекчилер келип, элдин көңүлүн алып, аларга жакындан жардам көрсөтсө жакшы болмок. Ушул жерде тил эмизип, ана-мына жайгаштырдык деген жергиликтүү жетекчилерге чара көрсө жакшы болмок эле. Ушул кыйын мезгилде жетекчилер келип тикеден-тике жардам көрсөткөн учурда алар кыйла бир топ ишеничке кирмек эле, - деди Кадырбек Байгазиев.

XS
SM
MD
LG