Чукул кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча зилзаланын келтирген чыгымы, жер титирөөдөн жабыркагандарга берилүүчү жардам тууралуу кыргыз өкмөтү жакынкы күндөрдө токтом кабыл алат. Андан ары ошол токтом боюнча иш алып барылат. 1-январда болгон жер титирөөдөн жабыркаган Ош облусунун тургундары турак-жай тургузуу үчүн жер участокторун жана цемент, кыш, шыйпыр сыяктуу курулуш материалдарын тез арада бөлүп берүүсүн, мамлекет башчы Курманбек Бакиев менен ЖК төрагасы Адахан Мадумаровдун зилзала болгон аймакка келүүсүн талап кылышууда. (ZKo)