Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

11:45 Жер титирөөдөн жабыркагандарды көчүрүү уланып жатат


Ош облустук мамлекеттик администрациясынан алынган маалымат боюнча учурда Карасуу жана Ноокат райондорунун зилзаладан жабыркаган тургундары коопсуз аймактарга көчүрүлүүдө. Алсак, жер титирөөдөн катуу жабыр тарткан Тогузбулак жана Карасөгөт айылдарынын 200 түтүнгө жакын үй-бүлө Карасуу районунун Башбулак айлындагы кесипчилик лицейдин жатаканасына, Бекжар, Жетимлангар, Лангар айылдарынан 50 гө чукул үй-бүлө коопсуз аймактардагы балдар бакчаларына жайгаштырылды. Аларды азык-түлүк, жылуу кийим-кече, жууркан-төшөк менен камсыздоо уланууда, деп маалымдайт Ош облустук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG