Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:17

10:50 “Атуулдук коом коррупцияга каршы” коомдук уюму бир нече кишиге жарандык активдүүлүгү үчүн сыйлык тапшырды


Коомдук уюм бул жолу сыйлыгын Ош шаарындагы активдүү жарандарга ыйгарды. Укук коргоочулар, экологдор, юристтер, жакында болуп өткөн парламенттик шайлоого катышкан байкоочулар, жаш волонтерлор жана демократиянын өнүгүүсүнө салым кошкон активдүү жарандардын ичинде маркум журналист, “Сиесат” гезитинин негиздөөчүсү Алишер Саиповго, дагы эки маалымат каражаты: ОшТВ телеканалынын жетекчиси Халил Худайбердиев жана “МезонТВ” элдик телеканалынын жетекчиси Жавлон Мирзоходжаевге улуттук азчылык өкүлдөрүнө өз эне тилинде маалымат жеткиргендиги үчүн сыйлык ыйгарылды. Мындан тышкары Сулайман тоого аркан жол салууга активдүү түрдө каршы чыгып жүргөн экологдор: Биймырза Токторалиев менен Курбанали Азимов да “Атуулдук коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун сыйлыгына татыктуу болушту. Сыйлыктарды уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова тапшырды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG