Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

ШЕРИКТЕШТЕР КУБОГУНА “ДОРДОЙ-ДИНАМО” КОМАНДАСЫ БАРАТ


Ар жыл сайын футболдон Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондорунун кубогу Москвада январь айында өткөрүлүп жүрчү, быйылкы таймашуу Санкт-Петербургда өткөрүлмөкчү. 18-январда Шериктештер кубогунда Кыргызстандын намысын коргоо үчүн өлкөнүн төрт жолку чемпиону Нарындын “Дордой- Динамо” командасы аттанып кетет. Быйыл алардын атаандаштары кимдер болмокчу? «Дордойчулардын» даярдыктары кандай?

Быйыл да чемпиондугун төртүнчү ирет сактап калган Нарындын «Дордой- Динамо» командасы Шериктештер кубогунда биринчи беттешүүнү 19-январда Латвиянын чемпиону «Вентспилс» командасы менен өткөрөт. Экинчи оюн 20-январда Грузиянын чемпиону «Олимпи» командасы менен болмокчу. «Дордой- Динамо» командасынын чечүүчү таймашы 22-январда Сербиянын чемпиону «ОФК» командасы менен болмокчу. Мына ушул атаандаштарын жеңсе гана чейрек финалга катышууга укук алат.

Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор кубогуна Нарындын «Дордой- Динамо» командасы дурус даярдык көрүп жаткандыгын команданын капитаны Руслан Сыдыков айтуу менен таймашуулар курч болоорун, атаандаштары күчтүү экенин билдирди.

-«Көкжардагы» жасалма кыртыштуу футбол талаасы кар алдында калып, муз болгондуктан машыгуу үзгүлтүккө учурады. 2 күндөн бери гана толук машыгууга мүмкүндүк болуп, жасалма кыртыштуу талаада оюн өткөрдүк. Санкт-Петербургда дагы мына ушундай жасалма футбол аянтында таймашуулар болмокчу. Ошондуктан күнүгө 2 маал машыгуу өткөрүп, эс алуудан кийин жигиттерди табына келтирүү аракетинде болуп жатабыз. Санкт-Петербургда атаандаштардан апкаарыбай, колдон келишинче, алдын жетишинче ойнойбуз. Калганын мелдеш көрсөтөт.

Футболчулардын машыгуулары үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн команданын экинчи машыктыруучусу Замир Жумагулов айтуу менен быйлкы атаандаштарынан эң күчтүүсү Сербиянын чемпиону “ОФК” командасы экендигин белгиледи:

- Аз убакыт калды. Машыгуулар үчүн бардык шарттарды түзүүгө жетекчилер аракет кылып жатышат. Биздин негизги аттаандаштардын чеберчилиги, деңгээли жогору. Кыргызстандагы экономикалык жагдай дагы футболго таасирин тийгизет.

Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор кубогуна катышкан Кыргызстандын командалары ар жыл сайын ири эсеп менен утулуп, уят болгонун өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов айтып, “быйыл да үмүттү «Дордой» командасы актай албайт го, себеби Европа аймагында ойногон атаандаштарга теңелүү кыйын” деди:

- Жок дегенде быйыл бир жолу тең чыгып келсе деп тилек кылып турабыз. Жыл сайын ири эсеп менен жеңилип келишип, ишеничти актабай жатышат. Быйыл өз тобун утуп, чейрек финалга чыкса деген үмүт дагы акталбай калат го. Ушундай чоң мелдештерге катышып турса гана футболдук чеберчилик жогорулайт. Негизи футболго мамлекеттик деңгээлде жардам, колдоо керек.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов айтымында, өлкөдө футболду өнүктүрүү үчүн чемпионатты жакшы жолго коюп, деңгээлин жогорулатуу зарыл. Курч беттешүүлөрдүн жоктугу чеберчиликти аксатып турат. Кыргызстандын ар бир облусунда жок дегенде бирден команда болуусу шарт.

Тилекке каршы, Чүй, Бишкек, Оштун командалары менен чектелип, чыныгы кесипкөй 2-3 футбол клубу гана иштейт. Өкмөттүк денгээлде футболго көңүл бурулмайын, мамлекеттик колдоо болмойун өлкөдө футбол өнүкпөйт. Мыкты келечектүү жигиттер коңшу өлкөлөргө кетип кала бермекчи” дейт Бообек Кадыркулов.

Нарындын «Дордой- Динамо» командасынын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов негизги оюнчуларынан сырткары да башка командалардан кошумча футболчуларды катарына кабыл албаса дагы утулушу мүмкүн дешет спорт адистери.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону 1992-жылдан бери ФИФАга мүчө катары эл аралык мелдештерге катышып жүрөт. Ошондой эле он беш жылдан бери өлкөнүн жеңүүчүлөрү Орусияда өтүп жүргөн Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор кубогуна катышып келүүдө. Ушул жылдар аралыгындагы 45 беттешүүдө кыргызстандык футболчулар чеке жылытаарлык ийгилик жарата албай, бир да оюнда жеңишке жетишкен эмес. Беш ирет тең чыгышкан. 40 жолу жеңилүү ызасын тартышты. Өлкөнүн чемпиону Нарындын «Дордой- Динамо» командасы Шериктештер кубогуна төрт жолу катышып, өз тобунан алдыга чыга алган эмес.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG