Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

18:01 “Сентябрь” телеканалынын жетекчилиги Жалалабат облустук сотуна апелляциялык арыз жолдоду


"Сентябрь" телеканалынын түштүк аймагындагы директору Асылбек Текебаевдин айтымында, Жалалабаттагы райондор аралык сотунун көз сыналгынын мунарасына байланыштуу чыгарган чечими туура эмес, ошондуктан ал чечим жокко чыгарылышы керек. Өткөн жылдын 5-декабрында райондор аралык сот телемунарага бөлүнгөн жер аянты тууралу Сузак районундагы Караалма айыл өкмөтү менен токой чарбасынын буйругун жокко чыгарып, мунараны көчүрүп кетүү тууралу аныктама жана чечим чыгарган. Ага таянган облустун тартип сакчылары менен сот аткаруучулары телеканалдын электр жарыгын үзүп салышкан. Телеканалдын ээсине чечимди жокко чыгарууга арызданууга мүмкүндүк бербей, ошол замат чечимди аткарууга барышып сыналгынын ишин үзгүлтүккө учуратмак болушкан. (YA)

XS
SM
MD
LG