Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:58

18:25 Баткенде кардын калың түшкөндүгүнө байланыштуу жол кыймылы кыйындады


Жааган кардын калыңдыгы Лейлек районунда 30 сантиметрге, Баткен жана Кадамжай райондорунда 20 сантиметрге жетти. Буга байланыштуу облустук МАИ кызматы өзгөчө кырдаалда иштей баштады. Бул тууралуу облустун башкы автоинспектору Сүйүнбек Мамазияев маалым кылды. Кардын калың түшүшү менен шаар аралык каттамдар үзгүлтүккө учурап, Баткен, Исфана шаарларынын ички жолдорунда кыймыл кыйындаган. Баткен облустук администрациясынын өнөржай жана курулуш бөлүмүнөн берген маалыматка караганда, жолдорду кардан тазалоо милдети Ош-Баткен-Исфана жол курулуш ишканасына жана шаар жетекчилерине жүктөлгөн. (SA)

XS
SM
MD
LG