Бул тууралуу өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары Акылбек Түмөнбаев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. “Өнөр жай ишканалары менен калктын электр кубатын керектөөсү күндөн-күнгө өсүүдө. Кыргызстан бул талапты канаатандыра албай жатат. Электр кубатты чыгарууга кеткен чыгымдар да өскөндүктөн, тарифтерди көтөрүүгө мажбур болуудабыз”, - деди Акылбек Түмөнбаев.
Анын айтымында, 2008-жылы эскпортко кеткен электр кубатына да баалар өсөт. Бирок учурда кайра эсептөөлөр жүрүп жаткандыктан, алар кийинчирээк белгилүү болот. Учурда 1киловатт/cаат 1,1 цент баа менен экспорттолууда. (JTo)