Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:21

16:55 Маданият министрлиги 2008-жылды Чынгыз Айтматовдун жылы деп жарыялады


Министрликтин мындай чечими тууралуу министр Султан Раев улуу жазуучунун 80 жылдыгын белгилөөгө арналган атайы жыйында жарыялады. Министрлик бул жылдан тарта кыргыз искусство жана көркөм адабиятынын өнүгүүсүнө зор салымын кошкон инсандарга Айтматов атындагы сыйылыкты ыйгара баштайт. Мындан сырткары Бишкекте өтчү «Арт-Ордо» эл аралык театралдык фестивалы толугу менен Айтматовго арналмакчы. Өлкөнүн бардык театрларында улуу жазуучунун чыгармаларына негизделген спектаклдар коюлуп, китепканаларда адабий окуулар өтөт. Министрлик жазуучунун туулган айлындагы маданият үйдү жана Ч.Айтматов атындагы музейди да кайра калыбына келтирүүнү пландоодо деп билдирди мекеменин маалымат кызматы. (JTo)

XS
SM
MD
LG