Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

17:11 Аламүдүн районундагы ири кооперативдин биринде малдын шарп ылаңы катталды


«Ветка» айыл чарба кооперативинде мындан эки жыл мурун да шарп ылаңы катталганы туурасында Мал чарба, ветеринария жана жайыттар боюнча илим изилдөө институтунун директору Рысбек Нургазиев «Азаттыкка» билдирди. Аталган кооперативдин жүздөгөн кара малы бар. Ылаңдын алгачкы белгилери бир нече ирээт текшерүүдөн кийин гана билинген. Ал эми губернатордун орун басары Калыбек Жыбыкеевдин маалыматына ылайык, учурда бул кооперативдеги малдан алынган кан Орусиядагы Бүткүл союздук «Шарб» институтундагы лабораторияга жиберилди. Бирок 2004- жылдан бери Кыргызстанда бул ылаңдын жаңыча түрү жайылып жатат, дешет адистер. Өткөн жылы Чүй облусунун көпчүлүк аймагында шарп ылаңына чалдыккан мал эмделген. Ага карабай малдардын оорусу кайра- кайра күчөөдө дешет мал ээлери.(JJ)

XS
SM
MD
LG