Йерусалимде АКШ президенти Жорж Буш менен Израилдин премьер-министри Эхуд Олмерт жолугушту. Жолугушуудан кийинки биргелешкен маалымат жыйынында Эхуд Олмерт көз карандысыз Палестин мамлекетин негиздөө максатын көздөгөн “жол картасы” аттуу тынчтык планынын ишке ашуусу үчүн бардык аракеттер көрүлө тургандыгын убада кылды. Ошол эле учурда “террорчулук бүтмөйүн, тынчтык орнобойт”,- деп белгиледи Эхуд Олмерт. Өз кезегинде Буш Израиль-Палестин лидерлери чукул арада макулдашууга жетише аларына үмүт артты. “Аймакта тынчтык орнотуу үчүн бул тарыхый учур жана тарыхый мүмкүнчүлүк”,- деди АКШ президенти Буш.