Зилзаладан жабыр тарткандарга маалымат ресурстар жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттик, насыялар кошуундарын колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансылык компания, Президенттин иш башкаруу башкармалыгы жардам көрсөтүштү. Бишкек шаардык ИИБнин жамааты Карасуу районундагы айылдык милиция бөлүмдөрүнө 70 миң сом которду. 1-январда Ош облусунда күчү алты баллга жеткен жер титирөөдөн 990 турак-жай жана 6 мектеп жараксыз болуп калган. (JTo)
11:24 Бир катар мамлекеттик мекемелер жер титирөөдөн жабыр тарткандарга бир күндүк маянаны которуп беришти