Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:20

2008 - ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЖЫЛЫ БОЛУП ЖАРЫЯЛАНАТ


Маданият министрлиги 2008-жылды Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыялоо жөнүндө демилге менен чыкты. Атактуу кыргыз жазуучусу быйыл сексен жашка толот. Жаңы демилгенин артында кандай иштер турганын “Азаттыкка” Кыргызстандын маданият жана маалымат министри Султан Раев айтып берди.

- Маданият министрлиги 2008- жылды Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыялады. Мунун максаты эмнеде, бул демилгенин алкагында кандай иштер жасалат?

- 2008-жылы кыргыздын дүйнөлүк атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов 80 жылдык маарекесин белгилегени турат. Азыркы күндө биз президенттин администрациясынын жетекчиси Медет Садыркуловдун тапшырмасы боюнча ушул улуу жазуучунун 80 жылдык юбилейине карата иш чараларды иштеп чыгып атабыз. Ошол иш чараны биз президенттик администрацияга киргизебиз. Бул боюнча атайын уюштуруу комитети түзүлөт, ошол уюштуруу комитетинин кароосуна азыр иш пландарды берип атабыз. Ошонун арасында бул жазуучунун чыгармачылыгына арналган бир топ иш чаралар болот, ошонун негизинде быйылкы Чыңгыз Айтматовдун жылы катары белгилөө маселеси дагы ошол администрацияга сунушталып жатат.

- Кандай болгон учурда дагы көп милдет силердин мойнунарга жүктөлөт да албетте. Ошол долбоордо Айтматовдун чыгармачылыгын илим катары өнүктүрүү жаатында кандайдыр бир аракеттер, долбоорлор барбы, маселен Айтматов таануу деген сыяктуу?

- Албетте, Айтматовдун юбилейин той-аш менен эле өткөрүү эмес, бул ошол эле улуу жазуучубуздун чыгармачылыгына фундаменталдуу көз караш менен кароо, ошондой эле анын дүйнөлүк көркөм эстетикага кошкон салымын изилдөө, ошондой эле улуттук адабияттын деңгээлин Айтматовдун чыгармачылыгынын контекстинде кароо маселеси дагы биз үчүн өтө маанилүү маселе. Ошондуктан биз бул жерде Айтматовду бир эле кыргыз эл жазуучусу катары эле эмес, дүйнөлүк көркөм эстетиканын чоң өкүлү катары да карап жатабыз.

- Биз байкагандан өзүнүн Шекер айылындагы музейин калыбына келтирүү планда бар деп угуп атабыз. Андан тышкары республикалык деңгээлде дагы жаңы музей түзүү максаты барбы, жокпу?

- Албетте, биз азыр бир топ иш чараларды иштап чыгып атабыз. Ошол иш чараларды биз сунуш катары уюштуруу комитетинин кароосуна киргизебиз. Ошонун катарында Айтматовдун туулуп өскөн жериндеги музейин, маданият үйүн ремонттоо маселеси, ошондой эле Айтматовду изилдеген, анын чыгармачылыгын чагылдырган музей маселелери да бар. Азыркы күндө бизге берилген тапшырманын негизинде уюштуруу комитетин түзүү боюнча сунуш иштеп атабыз. Аны биз жакынкы күндөрү админстрациянын кароосуна киргизебиз.

- Ушуну уюштуруу иштерине каражат бюджеттин эсебинен кетеби, же кошумча колдоо барбы?

- Негизинен биз юбилей, мааракелерди бюджеттик каржылоодон деп анча-мынча карайбыз. Бирок көбүнчө бул маселелер демөөрчүлүк менен кетет.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG