Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

ЖАЛАЛАБАТТА КЕРЕКТӨӨЧҮЛӨРДҮН УКУГУ ТЕКШИ БУЗУЛУП ЖАТАТ


Облуста керектөөчүлөрдүн укугу менен эсептешпей жатат. Жалалабат шаарында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо комиссиясы иштебей калган. Карапайым жарандар ун-дан азыктары, азык-түлүк баалары, коммуналдык кызмат, жол кире акылары тарабынан корголбой жатат. Бул тууралу облустагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча «Либра» аттуу коомдук уюм добулбас какты. Бирок шаардык мэрия элдин дан азыкка болгон укуктары корголууда деп эсептейт.

Жалалабатта баалардын кымбатташынан улам керектөөчүлөр менен кардарлардын жана жүргүнчүлөрдүн укугун эске алган адам жок. Шаар мэриясына караштуу керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча комиссия былтыртан бери иштебей келүүдө. Ал комиссиянын ишин жандантуу тууралу облустук керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук «Либра» аттуу уюмдун кайрылуусуна шаардык мэрия жооп бербей койгондугун уюмдун аткаруучу деректири Лидия Линдоренко билдирди:

- Жалалабат шаардык мэриясынын алдында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо комиссиясы бар, бирок, ал комиссия өткөн жылдан бери иштей элек. Мэрияга кайрылган адамдарды алар облустагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча коомдук уюм болуп саналган «Либра» аттуу биздин уюмга жиберишет, биз албетте укуктары бузулган кардар-жүргүнчүлөргө укуктук жактан жардам берип келүүдөбүз. Комиссиянын иштебегендиги жана анын ишин калыбына келтирүү тууралу уюмдун атынан биз шаар башчыга атайын кат менен кайрылганбыз. Бирок, эмнегедир ал катыбызга расмий түрдө жооп алалган жокпуз.

Керектөөчүлөр менен кардарлардын укуктары кайсы гана тармакта болбосун бузулууда.Шаардагы
«Темиржол» кичи районуна караштуу үч үйдө парламенттик шайлоодон бери суу чыкпай калганын кондоминимум башчысы Райкан Курбанкуловадан уктук.

Облустагы адам укугун коргоочу «Адилет» уюмунун маалымат катчысы Абдымалик Шариповдун байкоосуна караганда тейлөөнүн бардык тармагында баалар кымбаттап бараткандыктан кардарларды коргоого мүмкүн болбой калды. Кыска аралыкта жүргөн «Тико» үлгүсүндөгү автоунаалардын жол кирени эки эсеге көтөргөнү кайсы мыйзамга ылайык келеери белгисиз. Жарандардын укуктарын коргоо боюнча мамлекетттик уюмдардын иши көзгө көрүнөрлүк эмес:

- Керектөөчүлөр менен жүргүнчүлөрдүн жана кардарлардын укуктары бардык тарапта бузулуп жатат. Облустук алкакта айтканда транспорттого жүргүнчүлөрдү ташуу жагында, соода-сатык, электр жарыгы жана газ, суу менен камсыз кылууда баалар көтөрүлүүдө. Шаарда кыска аралыкка жүрүп турган «Тико» үлгүсүндөгү жеңил унаалар эч себепсиз эле жол киресин 10 сомго баалап алышты. Ага көңүл бурган мамлекеттик уюмдар кайда, эмне иш кылышат, белгисиз - деп айтты Абдымалик Шарипов.

Жалалабат шаарынын тургуну Үпөл Асаналиеванын айтымында баалардын кымбаттаганы аз айлык алган адамдар менен жөлөк пул жана пенсия менен күн көргөндөргө кыйынчылык келтирүүдө. Расмий жетекчилердин баалардын өсүүсүн дүйнөлүк баалар менен салыштырганы туура эмес, ан үчүн жөнөкөй жарандардын жашоо турмушу жана алган маяналары да дүйнөлүк баага жараша болуусу зарыл. Ун-дан, жол кире, медициналык тейлөө акыларынан ким коргоп калаары түшүнүксүз:

- Ошого жараша өнүгүү болуш керек. Элдин жашоо, турмушу, тиричилиги ошого жараша болуш керек. Ал эми биздин цивилизация ага жете элек. Бары жогу кымбаттап кырга кетип атса дагы, нан кымбаттабаш керек эле. Андан тышкары жол расходдору аябай кымбаттап атат.

Шаар мэриясынын социалдык кызмат жана өнөр жай тармактарын тейлеген орунбасарлары менен бөлүм башчыларын табууга мүмкүн болбоду, анткени алардын баары көз жумган эки кишиге топурак салганы Сузак районундагы Барпы жана Тайгараев айыл өкмөттөрүнө кеткен бойдон биз издеген төрт сааттын аралыгында келишкен жок. Жалалабат администрациясынын аппарат башчысы-мэрдин орунбасары Асылбек Таштанбеков шаардагы социалдык коргоого муктаж адамдар такталып, алар арзан ун менен камсыз болушкандыгын билдирди:

- Биздин шаардык төрт управабыз болсо, андан муктаж болгон адамдардын тизмелерин алып, алардын акчаларын мамлекеттик баада төктүрүп, “Мариам” акционердик коомунан өз баасына унду алып берип атабыз. Андан тышкары “Азирет айп” деген ун чыгара турган комбинат менен да сүйлөшүп, жакында 100 миң сом төктүк, ун алып берип жатабыз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG