Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

БУУ: 2003-ЖЫЛДАН БЕРИ СОГУШТА 151 МИҢ ИРАКТЫК ӨЛДҮ


Иракка АКШ башындагы коалициялык күчтөр басып кирген 2003-жылдын март айынан 2006-жылдын июнуна чейин 151 миң ирактык набыт болгон. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Ирактын ар кайсы бөлүгүндөгү 1 миңге жакын шаар- кыштакта 9300дөн ашуун кожолукту сурамжылагандан кийин ушундай тыянакка келген.

Иракка 2003-жылдын жазында АКШ аскерлери басып киргенден бери баланча адам курман болду деп так деп айтуу мүмкүн эмес. Маселен, Британияда чыгуучу “The Lancet” деген медициналык журналдын эсеби боюнча, уруш 600 миңден ашуун ирактыктын башын жалмаган. Ирактын маалымат булактарына чыккан кабарды тастыктап эсеп жүргүзгөн (Iraq Body Count) лондондук топтун эсебинде үч жылда 47 668 адам бейажал өлгөн.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун изилдөөсү, БУУ өзү мойнуна алгандай, акыркы чындык боло албайт. Бирок, докладдын авторлорунун бири-доктор Тайс Боэрма-эсеп өтө кылдат жүргүзүлөнүн белгилейт:

-Набыт болгон адамдардын так санын элди толук жана үргүлжүң каттап гана аныктоо мүмкүн. Андай шарт 2003-жылдан бери Иракта жок. Мындай шартта азыркыдан жакшы эсептөө мүмкүн эмес.

Изилдөөгө караганда, уруш негизиген 15 жаштан тартып, 59 жашка чейинки курактагы адамдардын өмүрүнө балта чапкан. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, 151 миң адамдын теңинен көбү өлкө борбору Багдадда ажал тапкан. Уруштун биринчи жылы күнүнө орто эсеп менен 128 ирактыктын каны төгүлсө, экинчи жылы- 115, үчүнчү жылы 126 адам апааттан өлгөн.

Президент Жорж Буш 2006- жылы Иракка коалициялык күчтөр киргенден бери 30 миң чамалуу курман болду деген. Баса, АКШлык аскерлер кан майданда катардан чыккан жана жарадар болгон жоокерлерин эсебин жүргүзүп, апаатта ажал алган жарандардын эсебин албайт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Ирактагы өкүлү, доктор Наима ал-Гасиир алардын изилдөөсү өтө кылдат даярдалганын айтат:

-Жамааттарга, жамаат аксакалдарына, мечиттерге, диний жайларга жана мектептерге алдын ала түрдүү жолдор менен, анын ичинде маалымат каражаттары аркылуу же кат түрүндө кабар айтылды. Алардын колдоосуз сурамжылоону өткөрүү кыйын болмок. Жамаат колдогондуктан, сурамжылоого чоң жоопкерчилик менен мамиле кылышты. Сурамжылоону негизинен Ирактын саламаттыкты сактоо жана Жогорку билим берүү министрликтеринин кызматкерлери жүргүздү. Пландоо министрлигинин адистери да колдоо көрсөттү.

XS
SM
MD
LG