Сот отуруму Жалалабат шаарында өтүүдө. Аксылык жабырлануучулардын апелляциялык арызынын негизинде республикалык аскер соту бул ишти кечээ карап баштаган. Соттун бүгүнкү ишинде бул окуя боюнча айыпталып жаткан облустук милициянын мурдагы башчысы Кубанычбек Токобаев жана күбөө катары Азимбек Бекназаров суракка алынды. Азимбек Беканазаровдун айтымында, Аксы окуясы болгон мезгилде бийликте турган К.Бакиев, А.Карыпкулов, Ч.Абышкаев,Т.Акматалиев,Садиевдер суракка алынышы керек. “Учурдагы бийлик өкүлдөрү башкарып турганга чейин Аксы окуясы аягына чыкпайт”, дейт А. Бекназаров. Кабарчыбыздын билдиргенине караганда, учурда сот тыныгууга чыгып кетти. Сот жараяны күндүн экинчи жарымында уланат.(MSu)