Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

КЫРГЫЗСТАН ӨЗ ЦЕМЕНТИНИН БААСЫН БЫЧА АЛБАЙ ЖАТАТ


Кыргызстандагы монополист ишканалардын бири Канттагы цемент комбинатынын продукциясы жаңы жылдан тарта 30 пайызга кымбаттайт деген маалымат азыр куруучулар гана эмес ар бир жарандын тынчын алган маселе болууда. Цемент ишканасынын ээлери болсо бааны жогорулатууга мажбур болуп жатышкандыгын айтууда.

Канттагы цемент жана шифер чыгара турган ишканалар продукциясын 30 пайызга кымбаттаткан жатат деген маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Рахатбек Ирсалиев парламентте билдирип, ал кыргыз экономикасына чоң таасир берерин баса белгилеген. Бул маселени өкмөттүн тиешелүү мекемелери жума күнү карап, цемент менен шифердин баасын ишкана каалаган деңгээлге көтөрүүгө макулдук берген жок. Монополияга каршы агенттиктин уруксат берилген монополияны жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Райым Урустамовдун билдирүүсү боюнча ага төмөнкү жагдайлар себеп болду:

- Газдын баасы көтөрүлдү, андан кийин Казакстандан алчу сырьелук материал да кымбаттаптыр. Аны бизге көрсөтүп, бизге бааны жогорулатабыз деп келишкен. Бирок, макулдук берген жокпуз. Себеби, сырьенун баасынын жогорулагандыгын далилдеген документтери жок экен. Бир гана газдын баасын далилдеген документ бар, башкасы жок экен. Ошон үчүн эскертме бердик. Азырынча баа коюла элек.

Райым Урустамовдун айтымында, бааны көтөрүүгө негиз болчу далилдерди өкмөт 15-январга чейин күтөт. Эгер цемент менен шифер чыгарууга Казакстандан ташылчу материалдын кымбаттагандыгы далилденсе баа көтөрүлүшү толук мүмкүн.

Цемент ишканасынын жетекчиси Павел Гиршстин айтымында, өткөн жылы 1 миллион 45 миң тонна продукция чыгарылган. Анын канчасы Кыргызстанда калып, канчасы чет мамлекетке кеткени белгисиз. Бирок, бир тонна цементтин баасы базарда 6 миң сомдон ашып, карапайым калктын мөгдүрөгөнү белгилүү. Борбордо жана анын чет жакасында ири курулуштарды жүргүзгөн “Бишкек курулуш” ишканасынын башкы директору Аскарбек Молдобаевдин айтымында, быйыл цементтин баасы андан эки эсе көтөрүлөт деген коркунуч бар. Анткени, Кант цемент-шифер ишканасынын ээлери цементке муктаж курулуш ишканаларынын өткөн жылдын ноябрында берген өтүнүчүнө азырынча так жооп берип, жылдык келишим түзө элек. Ал эми биринчи квартал үчүн утурумдук түзүлгөн баа боюнча бир тонна цементтин баасы 3 миң 850 сом деп бааланды:

- Мен өзүм ишкананын директору менен сүйлөшсөм “газдын баасы анык боло элек, ошон үчүн бөлө албайм” деп айтты. Анан цемент менен иштеген 2-3 завод айла жоктон алыштын айласын таппай тоннасын 3 миң 850 сомдон алалы деп келишимге кол коюп бердик. Цемент комбинаты ушундай баада деп айтты. Монополияга каршы агенттик баасын чече электе эле айла жоктон келишим түздүк. Айла жок болсо эмне кылабыз?

Кыргызстанда цемент баасынын өсүшүнө дагы бир себеп –анын таңсыктыгы. Бир айда 110 тонна цемент чыгарган комбинаттын продукциясынын 15 тоннасы шиферге, 50 миң тоннасы Казакстанга кетип, өлкө ичинде 45 миң тоннасы гана калат. Анын көбү колдон колго өтүп отуруп, карапайым кардарлардын колуна 3-4 эсе үстөк баасы менен жетсе, жыл башында келишим түзгөн курулуш ишканаларынын талаптары да толук аткарылбайт.

- Баасынан мурун да бул цементтин бөлүнүшү тозок болуп жатат. Былтыр Кант цемент комбинаты келишим боюнча алган милдеттенмесин 78 пайызга гана аткарды. Тигиндей-мындай деп, ар кайсы шылтоолорду айтып өз билгенин кылып жатат. Анткени, монополист да! ,- дейт “Бишкек курулуш” ишканасынын башкы директору Аскарбек Молдобаев.

Анын баамында, цемент баасынын улам жогорулоосуна өкмөт да бөгөт кое албайт,себеби колдон колго өтүп отуруп, баасынын өсүшүнө кызыкдар тараптар арбын:

- Бул абдан чоң чечилбеген маселе! Коррупциянын чордону ушул жерде жатат. Былтыр цементти заводдон тоннасын 2 миң 455 сомдон алып жаттык. Ал эми шаарда тоннасы 6 миң сомго чыкты. Аны ортодогу ортомчулар кымбаттатып жатат да. Аны мамлекет да чече албай койду. Анткени, монополияны иликтеген комиссия түзүлүп, Монополияга каршы агенттикке көчөдө сатып жаткандарга дукөндөгү бааны коюп бергиле деп айтылган болчу. Бирок, Монополияга каршы агенттик ага кийлигишпей, көчөдө сатылып жаткандан кийин ал монополист болбойт, ошон үчүн баасын быча албайм деп койбодубу.

XS
SM
MD
LG