Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:52

17:30 Мыкты Санта Клаус “Азаттыктыкы” болду


Өкмөттүн басма сөз кызматы уюштурган ”Мыкты Санта Клаус” сынагында “Азаттык” үналгысынын чыгармачыл жамааты өзгөчөлөнүп көп сыйлык жеңип алды. “Ак кеме” ресторанында өткөн салтанатта Кыргызстандагы маалымат каражаттары болгон өнөрлөрүн көрсөтүштү. “Азаттыктын” жамааты көрсөткөн оюн-тамашалар министрлердин купулуна толуп, натыйжада ондон ашык сыйлыктын төртөөн “Азаттык” жеңип алды. Мамлекеттик бажы комитети “Азаттыкка” музыкалык борбор тартуулады, ал эми Адилет министрлиги DVD аппаратын, Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги микротолкундуу меш тартуулады. Ошондой эле Каржы министрлиги “Азаттыкты” акчалай сыйлык менен сыйлады. Сыйлыктарды “Азаттыкты” жамаатына министрлер өздөрү тапшырды(KCh)

XS
SM
MD
LG