“Азаттыктын” көрсөткөн азил-тамаша оюндары премьер-министр Игорь Чудиновдун жүзүндө жылмаюу жаратты.
“Азаттыктын” оюн-тамашасы эмгек жана социалдык коргоо министри Өктөмкан Абдуллаева менен адилет министри Марат Кайыповго айрыкча жакты.
Туризм агенттигинин төрагасы Турусбек Мамашев "Мыкты Санта Клаус" сынагына катышкан маалымат каражаттарын жаңы жыл менен куттуктап, Кыргызстан Санта Клаус байырлаган өлкө катары дүйнөгө таанылса анын туристтик бедели ого бетер жогорулай турганын баса белгиледи.
Каржы министри Таажыкан Калимбетова “Азаттыктын” өкүлдөрүн шайыр жана тапкыч жамаат катары мактап, акчалай сыйлык тапшырды.
“Азаттыктын” шайыр жана тапкыч кызматкерлери Каарман, Жаннат, Мээрим, Айгүл жана Кубат министрлерден алган белек-бечкектери менен.
Айыл жана суу чарба министри Арстанбек Ногоев “бешбармаксыз кыргыздын майрамдык дасторкону болмок беле” деп баса белгилеп, “24.kg” маалымат агенттигинин жамаатына майда белек-бечкектен сырткары бир тай тартуулады дагы Миграция жана калкты эмгек менен камсыз кылуу комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова менен бийге туштү.
“Мыкты Санта Клаус” шоу-сынагында “Азаттык”үналгысынын чыгармачыл жамааты жаңы ыр жазып барып, ырдап чыгышты.
Салам сага, Санта- Клаус
("Gingle bells" ырынын обону менен ырдалат)
Санта дос, Санта дос, Санта Клаус,
Салтанат менен жыргап ырдайбыз.
Биз өскөн Алатоо ыйык мекенди,
Туристтик меймандос Меке кылабыз.
(эки жолу кайталанат)
Аркар, элик, марал жаныбар,
Алтындан кымбат акак кары бар,
Алатоо ыйык кыргызга,
Алыска кеткен атак-даңкы бар.
Санта дос, Санта дос, Санта Клаус,
Салтанат менен жыргап ырдайбыз.
Биз өскөн Алатоо ыйык мекенди,
Туристтик меймандос Меке кылабыз.
(эки жолу кайталанат)
Бабабыз Манас сакта кыргызды,
Санта Клаус жайнат ырыскы.
Чакыргын түркүн дүйнө элдерин,
Көрүшсүн көркүн тоолуу жергенин.