Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:01

12:37 Америкалык аба аскер базасы Кыргызстанга ижара үчүн жылына 17,5 млн. доллар төлөйт


Каржы министри Тажыкан Калимбетова парламентте билдиргенине караганда, төлөмдөр эки тараптуу келишимге ылайык бюджеттен тышкары жүргүзүлөт жана ал салыкка саналбайт. Депутат Арсалиевдин маалыматына караганда, база ижара жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акыларды «Манас» аэропортуна төлөйт, Аэропорт өз кезегинде өкмөткө салык төлөйт. Депутаттар Мурат Жураев, Алишер Мамасалиев бул каражатты бюджетке киргизүүнү сунуш кылышты. (BuS)

XS
SM
MD
LG