Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

БЮДЖЕТ САЯСАТЫ: ЭКИ КАДАМ АЛДЫГА, БИР КАДАМ АРТКА


14-январда Жогорку Кеңеш үч деңгээлдүү бюджетке өтүү жөнүндө мыйзам кабыл алды. Парламент ошондой эле өткөн жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө каржы министри сунуштаган мыйзам долбоорун жактырды. Ал эми быйылкы жылдын бюджетин өкмөт 19-январда карай турган болууда.

Кыргызстан төрт деңгээлдүү бюджеттен эки деңгээлдүү бюджетке 2007-жыл февраль айында өткөн. Оппозициялык депутаттардын эки деңгээлдүү бюджетке өтүү жөнүндөгү сунушун ошол кездеги өкмөт башчы Азим Исабеков кабыл алып, ал кездеги каржы министри Акылбек Жапаров эки деңгээлдүү бюджет долбоорун парламентке сунуштап, ошону менен өткөн жылы өлкө эки деңгээлдүү бюджет менен жашады.

Бирок быйылкы жылы үч деңгээлдүү бюджетке өтүүнү Каржы министрилиги сунуштап, ал мыйзам кабыл алынды. Анын зарылчылыгын каржы министри Тажикан Калимбетова депутаттарга мындайча түшүндүрдү:

-Биз 2007-жылга чейин төрт тепкичтүү бюджет менен иштеп келгенбиз, айыл өкмөт, район, облус жана республикалык деңгээл болгон. Бирок, 2007-жылдын ичинде биздин адистердин жакшы даярдалбагына байланыштуу, ошонун негизинде көп кемчиилктер чыкты. Андан сырткары айыл өкмөттөрү биздин каржылоону билбегендиктен көп тартип бузуулар болду

Каржы министринин айтымында, андан сырткары мыйзамга ылайык облус губернаторлорунун жеке фонду түзүлөт. Ал фонд аркылуу губернатор ар кандай иш чараларды, өзгөчө кырдаалдар учурда жабыркагандарга жардамдарды бере алмакчы. Андан сырткары административдик-территориялык реформанын ыргагы менен өлкө 2009-жылда эки деңгээлдүү бюджетке кайра келмекчи.

Бирок Социал-демократиялык партиянын өкүлдөрү эки деңгээлдүү бюджеттен үч деңгээлдүү бюджетке өтүүнү артка кетүү катары баалашты.

-Бүгүн артка кетип жатабыз. Биринчиден, айыл өкмөттөрүн дайындоо менен демократиядан чегиндик. Экинчиден, үч тепкичтүү бюджетке өтүп, айыл өкмөттөрүнүн үстүнөн башкарма коюп жатабыз. Облустук структуранын бүгүнкү күндө кереги жок. Ал эми губернатордун алдына фонд түзүүнүн ого бетер кереги жок. Бул бюджеттик каражат. Эмне үчүн эл чогулткан бюджеттин акчасын губернатор бөлүштүрүп, той-топур, ар кандай юбилейлерди өткөргөнгө жумшаш керек?-деди депутат Иса Өмүркулов.

Бирок «Ак жол» фракциясы үч деңгээлдүү бюджетке өтүү жөнүндө мыйзамды колдоого алды. Натыйжада добуш берүүдө долбоор кабыл алынды.

Андан кийин депутаттарга өткөн жылдын бюджетине өзгөртүү жана кошумча киргизүү жөнүндө мыйзам cунушталып, ал дагы кабыл алынды.

Тажикан Калимбетованын маалыматы боюнча, өткөн жылы бюджеттин кирешеси пландагыдан 2 миллиард 600 миллион сомго, чыгашасы 1 миллиард 500 млн сомго көп болду. Ички дүң продукты 7.5% болуп, номиналдык суммасы 131 миллиард сомго жетти. Бюджетке өзгөртүү жана кошумча киргизүү зарылдыгы мына ушул себептен чыкты.

Депутат Исхак Масалиев маселени талкуу учурунда 468 миллион сомго кайсы мекеме учак сатып алганын сурады. Каржы министринин маалыматы боюнча «Кыргызстан» авиакомпаниясы сатып алган.

Бирок авиакомпаниянын вице-президенти Николай Лиманский , кайсы учак жөнүндө сөз болуп жатканын билбесин, «Кыргызстан» авиакомпаниясы учак сатып албагандыгын бүгүн «Азаттыкка» билдирди.

Каржы министринин Жогорку Кеңештеги маалымдоосуна караганда, быйылкы жылдын бюджет долбоорун өкмөт 19-январда өз жыйынында карайт. Андан кийин ал Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет. Бюджетте быйыл инфляция 12% болот деп белгиленүүдө. Андан сырткары өкмөт 2009-жылдан баштап үч жылдык бюджет долбоорун түзүүгө киришмекчи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG