Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

18:42 Жалалабатта “Справедливость” уюму С. Ахмедовду коргоого чакырып БУУнун качкындар боюнча комиссарына кайрылды


Адам укугун коргоочу уюм президент К. Бакиевди жана БУУнун качкындар боюнча башкы комиссарын, эл аралык уюмдарды укук коргоочу, журналист Саидкамал Ахмедовго байланыштуу сот ишин көңүлдүн сыртында калтырбоону, эл аралык укуктарга ылайык сотко кийлигишүүгө чакырышты. БУУнун Алматы офисинен качкын макамын алган С.Ахмедовдун соту 16-январда Ошто башталганы турат. Бир кезде "демократиянын аралы" аталган мамлекет демократиялык эмес авторитардык режимге баратат. Аны олуттуу мыйзам бузуулар менен өткөн парламенттик шайлоо, шайлоонун адилеттигинен күмөн санап Бишкекте акция өткөргөн адам укугун коргоочулардын камалышы, эми С.Ахмедовдун үстүнөн боло турган сот далилдөөдө. Эгер эл
аралык уюмдар анын сотуна көңүл бурбай, коомчулук көз жумуп койсо, мындай көрүнүштөр адатка айланат. Кыргыз бийлиги "Узун колдуулугун кыйытууда" деп айтылат кайрылууда. Бул тууралу уюмдун маалымат катчысы Абдымалик Шарипов билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG