Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

7:40 Абдыганы Эркебаев: Кыргызстанда укумуштуудай президенттик республика түзүлдү


Мындай пикирин мурдагы спикер Абдыганы Эркебаев кечээ “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылынын форумунда билдирди. Анын айтымында, өлкөдө бийлик бир колго өтүп, авторитардык режим түзүлүп, мурда басып өткөн социалисттик эски система өкүм сүргөн Африка, Түштүк Америка, Азия өлкөлөрүндөгү системага кайрылып баратат. Эркебаев ошондой эле алтернативдүү жол менен өлкөнүү өнүктүрүү үчүн коомдук уюмдарды биригүүгө чакырды. Ал эми “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова болсо коомдук парламентке кызматтан кол жууп, бийликке таарынган таза эмес адамдардын келиши мүмкүн деген чочулоосун айтты. “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылы биринчи отурумун 15-февралда өткөрө турган болду. (AJ)

XS
SM
MD
LG