Мындай билдирүүнү “Мен ишенбейм...” иш чарасынын уюштуруучуларынын бири Мирсулжан Намазалиев “Азаттыкка” билдирди. 17 – январь күнү өлкөдөгү саясий кырдаалга канаатанбаган жаштар чукул форум өткөргөнү жатышат. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан активдүү жаштар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана оппозициячыл партиялардын жетекчилери катышаары күтүлүүдө. М. Намазалиевдин айтымында аталган иш чара кечээ өткөн “Акыйкат үчүн” кыймылынын форумуна салыштырмалуу жандуураак өтөт. “Кечеки форумдун өтүшүнө биз канаатанган жокпуз, себеби жыйынтыктар биз күткөндөй болгон жок. Бул форумдун өзгөчөлүгү батыраак жана кызыктуураак болот. Башында кыска докладдар окулуп, андан кийин дароо талкууга өтөбүз. Соңунда жаштар иштеп чыккан пландар жана максаттарыбыз жарыяланат”, - деди. М. Намазалиев. Аталган иш чара “Достук” мейманканасынын конференц залында өтмөй болду. (ESu)