Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

15:20 Коомдук парламенттин жол-жобосу иштелүүдө


«Акыйкат үчүн» кыймылы бүгүнкү жыйынында жумушчу топ түздү. Бул топ кыймылдын координациялык кеңешинин жана коомдук парламенттин жол-жобосун иштеп чыгып, курамын аныктамакчы. Анын жыйынтыгы ушул жуманын соңуна чейин белгилүү болуп калат. Аталган кыймылдын лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкулов айрым маалымат каражаттарында кыймылды каралоо, маскаралоо максатындагы макалалар жарыялана баштаганын, бирок ага эч кандай негиз жоктугун, кыймыл мыйзам чегинде иш жүргүзүп жатканын «Азаттыкка» билдирди. Кечээки форумда кыймыл азыркы парламентке атаандаш коомдук парламент түзүү чечимин кабыл алган. Соңку маалыматтар боюнча кыймылга кирген саясий партиялардын саны 15ке, коомдук уюмдардын саны 27ге жетти.(SM)

XS
SM
MD
LG