Мындай өзгөртүүлөр киргизилген мыйзам долбоорун социалдык фонд быйылкы жылдын республикалык бюджети каралганга чейин Жогорку Кеңешке сунуштаары күтүлүүдө. Анда пенсия жашына дагы 3 жыл кошуу менен аялдардын пенсия жашын 55тен 58ге, эркектердикин 60тан 63кө жогорулатуу каралган. Муну менен 300 миллион сом үнөмдөлөөрүн социалдык фонддун жетекчиси Марат Султанов бүгүн парламентте билдирди. Үчүнчү чакырылыштагы Жогорку Кеңеш былтыр март айында «Мамлекеттик жана пенсиялык» камсыздоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен пенсия жашын 3 жылга төмөндөткөн эле.(SM)