Алардын “Бишкек шаар кеңешинин митинг, пикет өткөрүүнү чектеген” токтомун жокко чыгаруу боюнча арызын район аралык соту кечээ канааттандырган жок. Жаңы жыл алдында укук коргоочулар Азиза Абдырасулова, Нурбек Токтакунов, Максим Кулешов шаар кеңешинин 30-ноябрдагы чечимин демократиядан чегинүү, адам укуктарын чектөө катары баалап Бишкек район аралык сотуна жеке арыз жолдошкон. Укук коргоочулардын айтымында, шаардык кеңештин парламенттин алдындагы аянтта, М. Горький скверинде жана Жаш гвардия - Жибекжолу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аянтта митинг, пикет, чогулуштарды өткөрүүгө уруксат берүү чечимин жокко чыгаруу боюнча кайрылган бир катар бейөкмөт уюмдардын арыздары район аралык сотто алигиче каралбай турат. (AJ)