«Өлкөдө бир күчтүн, парламентте бир партиянын үстөмдүк кылышы туурксуздукка алып келет, авторитаризмди орнотуу жана саясий монополия түзүү аракети кризиске алып келет», - деп айтты СДП фракциясынын депутаты Бакыт Бешимов бүгүнкү маалымат жыйынында. Депутат ошондой эле өлкөдө саясий кысым эмес, саясий оппозиция болушу керек, Кыргызстан демократия жолу менен гана өнүгүшү керек деп эсептейт. Бакыт Бешимов мындан сырткары парламентке келүү үчүн СДП эч ким менен соодалашпаганын, тескерисинче добуштарын уурдатканын, партиянын эсеби боюнча парламенттен 11 эмес 30дан ашуун орун тийиши керектигин белгиледи. (SM)