16-январда губернатор Өмүрбек Субаналиев облакимчиликтин аппараттык жыйынын өткөргөндүгү белгилүү болду. Губернатордун маалымат катчысы Салия Жолдошеванын билдирүүсү боюнча жыйында облакимчиликтин кызматкерлерин конкурстук негизде кабыл алуу боюнча мурдагы губернатордун буйругу жокко чыгарылган жана макулдашуу комиссиянын корутундусуна ылайык обладминистрациясынын бир катар бөлүм башчылары адистер дайындалган. 60 жаштан ашкан курактагы 3 кызматкер эс алууга жөнөтүлгөн, укук коргоо жана коргонуу, ошондой эле каржылоо чарбалык бөлүм башчылык кызматтарга мурда ички иштер органдарында иштеп келген адамдар дайындалышкан. (KUs)