Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

19:40 ШКУдагы чоң өлкөлөр өз кызыкчылыгын уюмдун кызыкчылыгынан жогору коюуда


Бул тууралуу бүгүн Бишкекте Колумбия университетинин профессору Александр Кули билдирди. Ал Борбор Азиядагы Америка университетинде батыш өлкөлөрүнүн бул уюмга болгон реакциясы тууралуу дарс окуп, батышта бул аймактагы саясий күчтөрдү теңдештире турган жана НАТОго каршы саясий уюм деген эки көз караш бар экенин белгиледи. Мударистин айтымында, уюм келчекте аймактагы мамлекеттердин чоң колдоосуна ээ болуу менен дүйнөлүк коомчулукта өз ордун тапкан чоң уюмга айланат. Ал ошондой эле азыр ШКУ курамындагы чоң өлкөлөр өз кызыкчылыгын уюмдун жалпы кызыкчылыгынан жогору коюп жатканын белгиледи. Профессор уюмдун эң негизги кемчилиги катары аймакта эркин соода жүргүзүүнү азырга чейин ишке ашыра албаганын атады. Бул жолугушууга Кыргызстандагы айрым өлкөлөрдүн элчилери, саясат таануучулар, серепчилер, илимий кызматкерлер жана студенттер катышты.(SM)

XS
SM
MD
LG