Бул тууралуу “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаардык кеңешинин тынч митингдерди чектеген токтомуна каршы мэриянын имаратынын алдына кечээ нааразылык акциясына чыккан Максим Кулешовду Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери камакка алышкан. (AJ)