Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

КУЛАК КЕСИЛДИ, ЭМИ БУТ КЕСИЛЕБИ?


Парламенттин мурдагы депутаты, “Кыргызөнөржайкурулуш” банк жетекчилигин кеңешчиси Муратбек Мукашевдин билдиргенине караганда аталган банкка каршы баскынчылык иштер башталганын, өлкөдөгү саналуу кыргыз банктарынын бири болгон бул банкка көзүн кызартткан күчтөр пайда болгонун, азыркы күндө өлкөдөгү банктардын 80 пайызына кыргызстандыктар же кыргыздар эмес чет элдиктер ээлик кыларын, Акаев доорунда да ушул М.Мукашев башында турган банктын акцияларын экс-президенттин уулу Айдар Акаев тартып алуу аракетин жасап, бирок ишке ашпай калганын, ошондой эле абал бүгүнкү Бакиев тушунда да кайталанып жатканын, кимдир бирөөлөр телефон аркылуу “эми экинчи бутуңдан ажыратабыз” деп коркутушканын, “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы 91-жылдан бери карай өлкө казынасына 764 миллион сом салык төлөп, 26 миллиард сомдук кредит берип келгенин окурмандардын эсине салат. Макаланын аягында гезит “...убагында Акаев бир бутунан ажыраткан Мукашев оңой менен сынбайт” деп чекит коет. “Де-факто” андан ары Ганси авиабазасынан түшкөн 18 миллион доллардын кайда кеткенинин дайны жоктугун, Акаев убагында жыргалын күйөө баласы көрүп келген бул акчанын дарегин жаңыдан дайындалган каржы министри Тажикан Калымбетова да билбей мукактанганын, УТРКнын мурдагы баш деректири Кыяз Молдокасымовго дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны башкаруу сунушталганын, президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын деректири Ташбоо Жумагулов да кайсыл бир өлкөгө элчилик кызматка аттанганы турганын, ИИМ министри болгон М.Коңгантиевдин мурдагы ордуна анын Бишкек шаардын ички иштер башкармалыгын башкарып тургандагы орунбасары Дегенбаев дайындалганы жатканын маалымдады. Гезит ошондой эле президенттин басма сөз катчысы Нурланбек Шакиев менен баарлашууну басты. Н.Шакиев мырза гезит кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, айтылуу Чыңгызханды өз кезинде эл ичиндеги татыктуу адамдарды өз тарабына тартып, досундай кастарлаганын кыргыз президенти Бакиевге окшоштурарын, Бакиев да кечээ эле өзүн оозго алгыс сөздөр менен сындап келген Атамбаевди премьер-министр кылып иштеткенин, Өмүрбек Субаналиевди Нарынга губернатор кылганын, Бакиев дегенде оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан Мелис Эшимкановго негизги идеологиянын өзөгү болгон УТРКны башкартып койгону анын айкөлдүгү экенин, президенттин эрки күчтүүлүгүн, сабырдуулугун, кээде протоколдон чыгып, элди аралап кетерин, күн мурунтан даярдалган дүжүрлөрдү жактыра бербесин айтып берген.

Гезит кабарчысы президенттин басма сөз катчысынан:
-Сени КТРдын жетекчиси болуп бер жатыптыр деген сөздөр чыга баштады, буга кандай дейсиң?-дегенине Нурлан мырза:
-Өзүм билбейм. Чындыгында Курманбек Салиевич, бир ирет КТРды башкарып иштеп көрбөйсүңбү деген сунушун айткан. Агезде ага-инилик ысык мамилебиз бар Кыяз Молдокасымов иштеп тургандыктан баш тарткан элем,-деп жооп берген.

“Общественный рейтинг” гезитине берген интервьюсунда саясат иликтөөчү Марат Казакбаев, 2008-жыл жакшы жылдардан болорун, анткени бийлик бутактарында мурдагыдай тирешүү, карама-каршылыктар жоктугун, бүгүнкү парламент оппозициясы жок парламент экендигин, ал эми Социал-демократтар менен Комунисттер партияларын оппозиция деп айтууга болбой тургандыгын, деги эле азыркы парламент бир караган көзгө тажатмадай көрүнгөнү менен акырындап профессионалга айланарын, өлкөдө саясый ызы-чуу азайып, мыйзам чыгаруу иши жанданарын айтат. Ушул эле гезит “Кимге ишенем?” деген тема алдында ушул жылдын 9нан 10уна караган түнү “Мен ишенбейм!” акциясынын төрт катышуучусу- Жоомарт Сапарбаев, Айчүрөк Маматкадырова, Арслан Шаршеналиев, жана жашы жетелек Уулжан Ногойбаеваны күч орган кызматкерлери камакка алышканын эске салып, айрым жарандардын ушул боюнча оюн сураганда укук коргоочу уюмдун өкүлү Нурбек Токтакунов, “Мен ишенбейм!” деген баракчаларды чаптап акция өткөргөн жаштардын аракетинде эч кандай хулигандык белгилер жоктугун, күч органдарынын алардан баракчаларды тартып алгандыгы да туура эместигин, анткени кагаздар менен клейлер алардын менчиги болорун айтса, депутат Роза Отунбаева, Кыргызстандын тарыхында мына ушундай аракеттер үчүн камакка алуу биринчи жолу болуп атканын, бул жакшылыктын жышааны эместигин, Кыргызстандын чекисттери мына ушндай жаштарды куугунтукка алуунун ордуна, диний-экстремисттик “Хизб-ут-Тахрир” өңдүү партиянын массалык нускада таратылып келаткан баракчаларын кармаса жарашпайбы. Ал эми “Мен ишенбейм!” акцияларын өткөргөндөрдү камакка алуу ишине байланышкан бааны азыр өлкө саясатын аныктап жаткан бийлик партиясы бериши керек, анткени Кыргызстандын демократиялык жолдон артка кетиши ушул партиянын жоопкерчилигинде деп жооп берди.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG