Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

ЭКИ ДӨӨ ТИРЕШИ: ОРТОДО ИШКЕРЛЕР КЫЙНАЛУУДА


Социалдык фонддун “Кыргызөнөржайкурулуш” банкын кудуретсиз деп табуу тууралуу доо-арызы 23-январда Бишкектин райондор ортолук сотунда каралмакчы. “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын жетекчилиги Социалдык фонд талап кылган акчаларды толугу менен которуп бере тургандыгын маалымдоодо. Социалдык фонд өзүнүн 1 миллиарддан ашуун сом каражатын башка банктарга бөлүп-бөлүп сактоо туралуу чечим кабыл алган.

Сотко арыз берүүнүн жөн-жайын Социалдык фонддун төрагасы Марат Султанов акчаларды которуу тапшырмасын “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын өз убагында аткарбай коюшуна, ошондой эле фонддун эсебиндеги 1 миллиард ашуун сом акчаны бөлүп-бөлүп башка банктарда сактоо тууралуу чечим кабыл алышканына байланыштырды.

- Бир банкта Соцфонддун 1 миллиарддан ашуун акчасы топтолуп калган экен. Фонд башкармалыгы бир жерде бардык акчаны топтогонго болбойт деген чечим кабыл алган экен.

Сактоого коюлган акчаларга 7 пайыздан ашуун жылдык үстөк пайыз төлөп берүүгө макул болгон банктан акчаларды алып, аны 6 пайыз үстөк төлөй турган банктарга которуунун кандай кажаты бар эле деген суроого Марат Султановдун жообу бул болду.

- Депозитке 7 пайыз бериш бул өзү туура эмес саясат. Аны мына ушул “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын абалы деле көрсөтүп турат. Мөөнөтсүз депозит деген эмне? Мен каалаган убакта ал акчаны кайтарып ала алам. Биз алалы десек азыр акча жок болуп жатат.

Марат Султанов Социалдык фонддун
“Кыргызөнөржайкурулуш” банкы менен болгон каржылык мамилесинде эч кандай саясий себеп жоктугун, чечим фонддун башкармалык мүчөлөрүнүн макулдугу менен кабыл алынгандыгын ырастады.

“Кыргызөнөржайкурулуш” банкы ачык акционердик коомунун негиздөөчүсү Муратбек Мукашевдин маалымдашынча, буга чейин жеке жактардын 89 миллион сому төлөнүп берилди. Калган 168 миллион сомду кайтарып берүүгө банктын кудурети жетет.

- Бүгүнкү күндө биздин болгон акчабыздын көлөмү 1 миллиардка жакын болуп жатат. Так айтканда, 1 миллиард 24 миллион сом. Жарамдуy активдер деп коет, акча, баалуу кагаздар. Биздин Социалдык фондго бере турган акчабыздын 700 миллиону эле калган. Акчаны кайтара алабыз.

М.Мукашев ушу тапта тийиштүү тараптар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, эгер маселе тынч жол менен чечилип калса банктын кардарларга төлөп берүүгө жетиштүү акчасы бардыгын маалымдады.

- Өнөржай ишканалары турат. Биз айтып жатабыз. “Эй, ушулардын бюджетке карызы бар экен. Социалдык фондго карызы бар экен. Ошону төлөгөнгө уруксат бергиле” деп жатабыз. Биздин акчабыз бар. Мына ушул маселени да карап жатабыз. Бирок кээ бирөөлөр ойлоду да. Ушундай кылсак эле баары кетип калат, эл банкты талайт деп. Андай болгон жок.

Банктын иштебей калышынан кысталыш каржылык абалга капталган Токмоктогу “Кыргызтооташ” акционердик коому, ошондой эле кызылкыялык ишкерлер жакында парламенттин экономика, бюджет жана каржы боюнча комитетине кайрылып, маселени узакка созбой тезирээк чечүүнү өтүнүшкөнүн комитет төрагасы Аскарбек Шадиев билдирди.
Анын айтуусунда, Социалдык фонд жаңы пайда болгон проблеманы тендер өткөргөн кезде ойлонушу керек эле.

- Жөнөкөй ишкерлер, ал жерде иштеп жаткандар токтоп калбаш керек. Ошону бир жогорку деңгээлде карап чыгып, Улуттук банк, Социалдык фонд дагы тиешелүү органдар карап чыгып, бул маселени чечиш керек.

Парламенттин экономика, каржы жана бюджет боюнча комитети жакынкы эки-үч күн ичинде Социалдык фонд, “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы, Улуттук банктын катышуусунда бул маселени талкуулаганы турат. Эмнеликтен, Социалдык фонд карыз акчаларды калтырбай төлөй алчу банкты сотко берип, ага таянып Улуттук банктын анын ишин апыл-тапыл токтотуп коюшунун артында кандай саясий кызыкчылык же оюн катылып жатканын билиш кыйын. Айрым талдоочулар муну кимдир бирөөлөрдүн мүлкүн “тартып алуунун” кезектеги арга-амалы катары мүнөздөшөт.

XS
SM
MD
LG