Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

2007-ЖЫЛДАГЫ ЭКОНОМИКАЛЫК ЭРКИНДИК


Амирбек Усманов, Прага Жарандардын кирешеси өлкөдөгү экономикалык эркиндиктин деңгээлине түздөн түз байланышат. Мисалы, өткөн 2007- жылы дүйнөнүн 20 процент эң эркин өлкөлөрүндө анчейин эркин эмес деген 20 процент өлкөлөргө салыштырганда жан башына өндүрүлгөн киреше беш эсе көп болгон. Вашингтондогу Heritage фондусу менен Нью- Йоркто чыгуучу “Wall Street Journal” басылмасы дүйнөнүн 162 өлкөсүндөгү экономикалык эркиндиктин абалын изилдегенден кийин ушундай тыянакка келген.

Дүйнө өлкөлөрүндөгү экономикалык эркиндик спецификалык 10 көрсөткүчтүн негизинде аныкталган. Атап айтканда, соода эркиндиги, ишкердикке шарттын ыңгайлуулугу, инвестиция салуу эркиндиги, менчик ээлеринин укугу, финансылыук жана салык – төлөмдөр саясатындагы ачык- айкындык, акча алмашуунун шарты, коррупциянын деңгээли, өкмөттүн чоңдугу, жумуш тандоо эркиндиги сыяктуу көрсөткүчтөрдүн негизинде ар бир өлкөгө упай берилген. Эң эркин деген Гон Конг баарынан көп- 90, 3 упай алса, үч упайга бааланган Түндүк Корея 157-орунда турат. Беш өлкөгө эч кандай упай берилген эмес. Heritage фондусу менен “Wall Street Journal” өткөргөн изилдөөгө караганда, өткөн 2007- жылы дүйнөдөгү экономикалык эркиндик мурдакы эле деңгээлинде калган. Андай абалга баарынан да дүйнөнүн эң кубатуу өлкөсү Кошмо Штаттарда жергиликтүү ишканалардын коргоо жана иммиграцияга каршы маанайдын жаралашы, отун энергия рыногундагы баанын туруксуздугу жана ислам террорчуларынын коркунучу таасир эткен.

Региондорду алсак, эң эркин деген топто Гон Конгду улай Сингапур, Ирландия, Австралия, АКШ турат. Дүйнөдө эң эркин деген 20 өлкөнүн ону Европа өлкөлөрү. Мындай бааны Европа өлкөлөрү салыктардын өлчөмүн азайтканы жана ишкердик үчүн ыңгайлуу шарт түзгөнү үчүн алган.

Кыргызстан 61,1 упай менен 70 орунда, Казакстан 60,5 упай менен 76- орунда турат. Казакстандын экономикасы ылдам өсүп жатса да, эмне үчүн экономикалык эркиндиктин абалы Кыргызстандан начар баалануу себебин Heritage фондусунун эксперти Энтони Ким Кыргыз өкмөтүнүн туруктуу фискалдык саясаты менен түшүндүрдү:

-Кыргызстан экономикасы эркин өлкөлөр жүргүзчү айрым реформаларды аткарды. Өлкөнүн финасылык саясаты өткөн бир жыл ичинде туруктуу бойдон калды. 2006- жылы салыктардын өлчөмү азайтылып, жакшы жышаан болду. Бирок, эки өлкөнүн упайларды карасаңыз, айрымасы чоң эмес экенин көрөсүз. Ырас, акыркы жылдары Казакстанстандын экономикасы Кыргызстанга караганда ылдам өнүктү.

Энтони Ким Кыргызстан коррупцияга каршы күрөштү күчөтпөсө, жемсөөлүк ишкерлер үчүн ашыкча жүк бойдон кала берет деп кошумчалады.

Тажикстан эконономикалык эркиндик жагынан 114, Өзбекстан- 130, Түркмөнстан- 152- орунда турат.

XS
SM
MD
LG