“Жаңы ордо” гезити белгилүү тележурналист Бейшенбек Бекешовдун “КТРды Эшимкановдоштуруунун жүзү” деп аталган макаласын жарыялады. Бекешов мырза Мелис Эшимканов жетекчиликке келгенден кийин анын жасап жаткан иштеринин жөн-жайы тууралуу сөз кылып, “М.Эшимканов КТРды эшек арабага айлантты. Эшимканов кетмейинче мөөнөтсүз ачкачылыкка өзүм баш болуп олтурам” деп билдирди.
“Агым” гезити шаар мэри Данияр Үсөнов 1-Май, Ленин, Октябрь райакимдерин алууга камынып калганын, депутат Роза Отунбаеванын сунушу менен Жогорку Соттун төрагалыгына Бишкек шаар сотунун төрайымы Жаңыл Алиева көрсөтүлгөнүн, бирок жашыруун маалыматтар боюнча Чолпон Баекованын талапкерлиги Жогорку Сот төрагалыгына каралып, Чолпон айым ушу тапта кыялга батып олтурганын, мурдагы өкмөт башчылары Кулов менен Атамбаев жашыруун жолугушуп, кенен сырдашыптыр деген имиштер тараганын, Жогорку Кеңештин депутаттарынын кабинетинен тыңшагыч аппарат-жучоктор чыкканын, соңку убакта “Ак жол” патриясынан ырк кетип, эки жээкке бөлүнүү күчөгөнүн, Болотбек Ногойбаевдин кызматтан кетишине анын ашкере ишмердүүлүгү, өзгөчө “кулак менен сөөмөйдүн” артынан сая түшкөнү өз башына муш болуп тийиптир деп кабарларды таратты.
“Новый Кыргызстан“ гезити “Эмне үчүн президент ИИМдин дээрлик бардык жетекчилигин отставкага айдады?” деген суроо менен айрым жарандарга кайрылды. Укук коргоочу Т.Акун, мүмкүн бул дайындоонун себеби К.Бакиевдин өзүнө гана белгилүү чыгаар, чынында эле көпчүлүк үчүн, айрыкча Б.Ногойбаевдин өзү үчүн күтүүсүз окуя болду. Деген менен Б.Ногойбаев митингке чыккан оппозицияны кубалап таратып өз милдетин аткарып бүткөн. Анан бүткөндөн кийин отставкага айдалды. Негизи бизге андай орой эмес, маданияттуураак министр керек десе, “Жашылдар” партиясынын лидери Э.Булекбаев, Ногойбаев өлкө жетекчилигинин колундагы матрешка болгон.Эми президент өз позициясын бардык фронтто чыңдоого өттү. Мендеги маалыматтар боюнча жакын арада Чүй губернаторун кызматтан айдайт деди. Депутат Б.Бешимов:-Кечээ эле антын алдыртып, андан аз өткөндөн соң өзүн алып салган мунун кандай экенин билбейм, түшүнүү кыйын. Негизи күч орган жетекчилерин алуу-койуу президенттин жеке өзүнүн иши. Бирок президентке таасир бергиси келип, кармашып келаткан үч топ бар. Алардын ортосунда биримдик жок. ИИМ жетекчилигинин кызматтан айдалышы мына ушул 3 топтун президенттин сүйүүсүнө кимибиз мурда ээ болор экенбиз деген атаандаштыгынын найтыйжасы",- деген. "Асаба” партиясынын башчысы А.Бекназаров: -"Менин оюмча өлкөнү президент башкарган жери жок. Башкарса мындай болбойт эле. Бул кадрдык дайындоо Бакиевдики эмес, ага тиши өтө турган жакын кишилеринин чечими. Мындан башкача түшүндүрө албайм",- деген оюн билдирген.
Көзкарандысыз юрист Таштемир Чилдебаев: "Дароо эле жаап-жашырып салууга тиешеси бар бир окуя болгон. Анткени эки күн мурда ант берип, андан кийин кызматынан алынып калып атпайбы. Кыргызстандын тарыхында бул биринчи болуп аткан көрүнүш. Бирок сөзсүз бир нерсе болгонуна ишенем. Президент ошон үчүн Б. Ногойбаевди кызматынан алды"- деп айтты.
“Аалам” гезитине белгилүү журналист Б.Аракеев кыргыздын жандүйнөсүн сүлүк курттай соруп келаткан “Кайдыгерликтин” күнгөй-тескейи жөнүндө кенен кеп кылып келип, жакында “Акыйкат үчүн” деген кыймыл түзүлүп, ааламды аңтарып түшчүдөй дымак менен иш баштаганын, "бу кыймылда бийлик, байлык көздөгөндөр да, популисттер да, ойт берме туруксуздар да жүргөндүгүн, эми ал Куловдун “Фронтунан” сабак алып, анын “аттиңдерин” кайталабаса болду" деп жазса, белгилүү публицист Ү.Касыбеков "Президенттин “Ак жол” партиясын жиликтеген макаласын “ЛожКА” ишке киришти” деп атады. Макаланын бир жеринде “Ак жолдон” түзүлгөн парламенттин тизмесин карап көргөндө депутаттардын 60 шайлоо болорго чейин борбор калаада жашап, иштеп тургандар экен. Түндүктөн парламентке келгени Чүй облусунан 8 киши, Ысык-Көл менен Нарындан бирден киши, Таластан жок, Ошентип бардыгы 30 депутат квартирага муктаж болуп чыгат. "Арийне мына ушул “квартирасы жок” деген 30 депутаттын басымдуу көбүнүн Бишкекте квартиралары бар. Демек, депутаттардын баш калкалай турган жайыбыз жок, томаякпыз дегендерине ишенүү кыйын" деп жазды.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ