Аталган кеңештин чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган укук коргоочулардын арызын Бишкектеги райондор аралык сот канааттандырган эмес. Сот чечимине нааразы болгон укук коргоочулар шаардык сотко апелляциялык арыз жолдошкон. 14-январга белгиленген сот шаардык кеңештин өкүлдөрү келбегенине байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган. Ушул тапта Бишкек шаардык соту бул ишти кароодо.
2007-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаардык кеңеши жабык жыйында шаарда митинг, пикеттерди эркин өткөрүүгө тыюу салган токтом кабыл алышкан. Укук коргоочулар бул токтом Конституцияга каршы келерин белгилешүүдө. (ZKo)