Чүй облусунун Капталарык айлындагы А. Осмонов атындагы орто мектептин 10-классында окуган Адилет Жусумалиев өткөн жылдын 20-ноябрында ооруканада каза болгон. Анын энеси Жаңылайдын айтымында уулун 11-класстын эки окуучусу салык төлөбөгөндүгү үчүн сабап, анын кесепети баланын жок болуп калышына алып келген. Жаңылай Жусумалиева бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, милицияда 11-класстын окуучулары Арсланбек Ташибаев менен Шаршенкул уулу Элдияр Адилетти ургандыгын мойнуна алышкандыгын, бирок соттук-медициналык экспертиза бала өз өлүмү менен өлгөн деп тыянак чыгарып бергендигин айтып кетти. Уулунун өлүмүнө байланыштуу Жаңылай Жусумалиева Башкы прокуратурага, ИИМге, саламаттык сактоо министрлигине жана башка бир нече органдарга кайрылып, аракетинен мыйзам чыкпагандыгынан улам КР президентинин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясына кайрылган. Бул тууралуу аталган комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун “Азаттыкка” кабарлап, бул окуяны өз көзөмөлүнө алып, орто мектептердеги ээнбаштыктарды токтотууга чек коюуга аракет кыларын билдирди. (ZKo)