Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

ӨГҮЗ ӨЛБӨСҮН, АРАБА СЫНБАСЫН


Өткөн жылы Кыргызстандын ички дүң продукту 8,2% чыкты. Өнөржай өндүрүшү мурдагы жылга салыштырмалуу 7% көбөйгөнү менен айыл чарбасындагы өсүш 1,5% араң жетти. Эки тармак тең белгиленген чекке жете алышкан жок.

Өткөн жылы инфляция деңгээли 20% ашып, бул жагынан Кыргызстан Орусия менен Казакстандан ашып түштү.

Өнөр жай өндүрүшү 2007-жылы 6 миллиардка жакын сомдук товар чыгарса, болгону 1,5% өсүшкө жетти деген айыл чарба продукциясы 9 миллиардка бираз жете бербеген көлөмдө өндүрүлгөн. Социализм заманында азыноолок өнөржайлуу өлкөгө айланган Кыргызстандын ички дүң продукт көлөмүндө өнөржайга салыштырмалуу айыл чарбасынын салымы итапкан өйдө.

Непадам, 2010-жылга чейинки өкмөттүн стратегиялык программасында көрсөтүлгөн айыл чарбасындагы өсүш 4% чыкканда Кыргызстандын айласын кетирген инфляция деңгээли анчалык бийик болмок эмес. Жыл сайын бюджеттен 3,5 миллиард сом, ага кошумча өткөн жылы 1200 кытай тракторлоруна ээ болгон айыл чарбанын ташбака жүрүш өсүүсү тармак кардиналдуу реформага муктаж экенин туюнтуп турат.

Ошол себептүү Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги быйылкы жылдын болжолун үч ыңгайда, негиздүү, оптимисттик жана пессимисттик маанайда түздү. Непадам, Кыргызстан экономикасы ыраатынан жанбай өнүгө турган болсо бул жылы ИДП 7,6%, айыл чарбасы 4,1% көбөйүшү керек, инфляция деңгээли 12% ары көтөрүлбөшү абзел. Аны Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин мамкатчысы Азиз Алиев мындайча түшүндүрдү.

- Өнөржайдагы өсүштү биз 19% тегерегинде болот деп болжолдоп жатабыз. Бул негизинен “Кумтөр” алтын кениндеги өндүрүштү эки эсеге жакын көбөйтүүнүн эсебинен болушу керек. Биз кен жетекчилигинен быйыл 19 тоннага жакын алтын казып алууну көздөп жатышкандыгы тууралуу расмий расмий жооп алдык.

Быйыл деле өкмөт “Кумтөр” алтын кенинде өндүрүштүн көбөйүшүнө үмүт артып олтурат. Ал эми оптимисттик божомол ички дүң продукт көлөмү 8,5%, өнөржайы 34%, айыл чарбасы ашык-кеми жок 5% өскөн чакта, инфляция 8% ары жылбай калган кезде ишке ашмакчы.

Пессимисттик божомол азыркы өкмөт бел оорутпай, кол жоорутпай ишке ашырчу милдет болчудай. Анда ички дүң продукт көлөмү азыркысынан төмөн түшүп, инфляция деңгээли дагы көтөрүлүп, энергетикадагы абалдын мындан да начарлашы белгиленген. Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров божомолдо бардык шарт-натыйжалар эске алынышы керек деп эсептейт.

- Пессимисттик божомол бул өзү консервативдүү тараптын пикири. Aны Каржы министрлиги иштеп чыккан. Мен ушуну колдоп жатам. Анда жазылгандар сөзсүз аткарылышы керек. Мен жана айтпадымбы, эгер Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги 4% өсүштү камсыз кыла албаган соң министр, орунбасарлары кызматтан кетиши керек. Биз ошого көнүшүбүз абзел. Анан мен ойлоп жатам, “Кумтөр” менен сүйлөшүүлөрүбүз ийгиликтүү бүтсө, анда быйыл 617 миң унция – 19 тоннага жакын алтын болгону жатат. Анда биз ички дүң продуктубузду 8,5 – 9% чейин өстүрө алабыз.

Кыргызстан ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков өткөн жылы тамак-аш, азык-түлүк баасынын көкөлөп кетиши инфляция деңгээлин жогорулатканын белгилеп, “буусу чыгып” калган инфляция казаны быйыл мурдагыдай “шарактабайт” деген пикирде. Анын айтуусунда, инфляция деңгээли жыл сайын көтөрүлө берет, бирок да ал өткөн жылдагыдай асмандап кетпейт.

- Жок дегенде негизги божомол ишке ашышы керек. Эгер пессимисттик божомол ишке ашса өлкө экономикалык жактан артка кетет.

Быйыл кыштын суук түшүшү электрэнергиясынын тартыштыгына алып келүүдө. Энергетикалык кубаттуулуктун жетишпестигинин айынан көптөгөн ишканалар токтоп турууга аргасыз болууда. Чыныбай Турсунбековдун ырасташынча, энергетикалык тартыштыктын салакасын өнөржай ишканалары тартып, оптимисттик божомолдордун быйыл чынга чыгышы эмитен эле кыйынга турууда.

XS
SM
MD
LG