Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:19

ЭНТОНИ КИМ: КОРРУПЦИЯ – КЫРГЫЗСТАНДЫК ИШКЕРЛЕРГЕ БУТ ТОСУУДА


Апта башында АКШдагы кадыр барктуу изилдөө борбору - Haritage фондусу менен “Wall Street Journal” гезити дүйнө өлкөлөрүндөгү экономикалык эркиндиктин абалы жөнүндөгү жылдык изилдөөсүн жарыялады. Изилдөөгө караганда, жагдай ишкердик, инвестиция, атаандаштык үчүн канчалык ыңгайлуу болсо, туруктуу финансылык, экономикалык саясат жүргүзүлүп, коррупция да аз болсо, экономика ошончолук эркин болот. Экономикалык эркиндик жөнүндө Haritage фондусунун саясий талдоочусу Энтону Ким менен Амирбек Азам уулу маектешти.

“Азаттык”: - Экономикалык эркиндик индекси ишмердүүлүккө шарттын ыңгайлуулугу, финансылык-инвестициялык жагдай, жумуш тандоо мүмкүнчүлүгү сыякту он көрсөткүчтүн негизинде аныкталган экен. Алардын эң маанилүүсү деп кайсы көрсөткүчтү айтмаксыз?

Энтони Ким: - Экономикалык эркиндиктин бул он индексинин ар бири эркиндик үчүн өтө маанилүү. Мисалы, мүлк укугу бекем сакталбаса, коррупция өкүм сүрүп турса, сиз фискалдык жана башка бийлик органдарынын жемсөөлүгүнөн эркин болбосоңуз, кайсы бир ишке салган капиталыңыз үчүн камтама жей бересиз; инвестициялык чөйрө ишенимдүү болбойт. Андыктан, бул он эркиндиктин ар бири маанилүү жана аларга бердей мамиле жасалууга тийиш. Он индекс бири бирине таасир этип тургандыктан, аларды өз алдынча бөлүп кароо мүмкүн эмес. Бул ыр менен обон сыяктуу деп айтаар элем. Ошентип, ар бир индекс экономикалык эркиндик үчүн жана экономиканын туруктуу өсүшү үчүн маанилүү.

“Азаттык”: - Экономикалык эркиндик менен адам укугунун байланышы кандай? Алар өз ара кандай карым-катнашта деп ойлойсуз?

Энтони Ким: - Экономикалык Эркиндик - адам укугунун ажырагыс бир бөлүгү, эркиндиктин бир салаасы. Ошон үчүн экономикалык эркиндик менен адам укугу бири бирине түз таасир этип турат. Жарандар экономикалык жактан эркин болбосо, алардын жарандык укугу да жакшы сакталбайт. Экономикалык эркиндикти саясый эркиндиктен да бөлүп карап болбойт. Жарандар экономикалык жактан эркин болбосо, алар акчасын банкта сактап, же керегине жараша сарптап ырахат албайт; каалаганча иштей да, өз алдынча ишмердүүлүк кыла да албайт. Эркиндик - бул бак-таалай, ийгиликке өбөлгө. Ошондуктан, экономикалык эркиндик төмөн болгон өлкөлөр адам укугун жакшыртуу мүмкүнчүлгүн колдон чыгарбаш керек.

“Азаттык”: - Экономикалык эркиндик саясый эркиндикке кандай таасир этет? Саясый эркиндик биринчиби же экономикалык эркиндикпи?

Энтони Ким: - Саясый эркиндик биринчиби же экономикалык эркиндик биринчиби? Суроого бир жаңсыл жооп берүү мүмкүн эмес. Анткен менен биз узак жылдар бою өткөргөн изилдөөлөр экономикалык жана сяасый эркиндин коюн-колтук жүргөнүн тастыктайт. Экономикалык эркиндик туруктуу болбосо, саясый эркиндиктин деңгээли бийик болбойт. Алар өз ара жуурулушуп турат. Экономикалык жана сяасый эркиндик бирин бири толуктап, кубаттандырып турганын эстен чыгарбоо керек.

“Азаттык”: - Мырза Ким, Haritage фондусу менен “Wall Street Journal” гезити чогуу өткөргөн изилдөөдө Кыргызстандагы экономикалык эркиндиктин абалы Борбор Азиянын башка постсоветтик өлкөлөрүнө караганда жогору бааланган. Болбосо, коорупция дале өтө күчтүү экени изилдөөдөн айкын көрүнүп турат.

Энтони Ким: - Кыргызстан экономикасы эркин өлкөлөр жүргүзчү айрым реформаларды ишке ашырды. Өлкө туруктуу финасылык саясатты карманууда. 2006-жылы салыктардын өлчөмү азайтылды. Бул Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен экономикалык эркиндик боюнча атаандашуусуна өбөлгө түздү. Кыргызстан соода жана монетардык саясатын да ырааттуу кармады. Ырас, Кыргызстанда коррупциянын деңгээли али жогору, менчик ээлеринин укугу да жакшы сакталбайт. Бул, албетте, ишмердүүлүккө катуу жолтоо болууда. Бийлик коррупцияга каршы үзүрлүү күрөшпөсө, инвестиция үчүн жакшы шарт түзүлбөйт. Коррупция ишкерлерге оор жүк болууда.


“Азаттык”: - Акыркы жылдары Казакстандын экономикасы туруктуу өсүп, элдин турмуш шарты да ылдам жакшырууда. Ага карабастан, экономикалык эркиндиктин абалы боюнча Кыргызстандан төмөнкү 76- орунда турат. Эмне үчүн?

Энтони Ким: - Эки өлкөнүн упайларын карасаңыз, айрымасы чоң эмес экенин көрөсүз. Мисалы, 70- орундагы Кыргызстанга 61, 1 упай, Казакстанга 60, 5 упай берилген. Ырас, акыркы жылдары Казакстанстандын экономикасы ылдам өстү. Экономикалык эркиндиктин деңгээлине он индекстин кайсы биринин өзгөрүүсү эле таасир этет. Ошон үчүн саясый багыт өтө маанилүү. Кайта айтам, Кыргызстан салыктын коэффициенти боюнча көп коңшуларынын алдында турат. Бирок, Кыргыз Республикасы дагы көп иштерди жасашы абзел.


“Азаттык”: - Соңку суроом. Дүйнө өлкөлөрүндөгү экономикалык эркиндиктин көрсөткүчү сырттан отуруп изилденди. Мындай изилдөөнүн кемчиликтерине да токтоло кетсеңиз.

Энтони Ким: - Бул жылдык изилдөө. Экономикалык эркиндиктин инедксин аныктоодо эларалык мекемелер таанып, баасын берген маалыматтар колдонулду. Изилдөөдө дүйнөнүн 157 өлкөсү камтылгандыктан, биз үчүн ишенимдүү, тастыкталган маалыматтарды жана изилдөөлөрдү пайдалануу абдан маанилүү.

“Азаттык”: - Ырахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG