Өткөн жылдын декабрь айында башталган бул иш-чараны билим берүү жана илим министрлиги уюштурган. Айлыктын максаты ЖОЖдордогу коррупцияны жоюу. Бул үчүн 71 адамдан турган жумушчу топтор жогорку окуу жайларда сессиянын таза өтүшүн текшеришкен. Айлыктын жыйынтыгы жыйырма төртүнчү январда чыгарылат. (AiJu)