Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

13:58 ВООН ПРООН “Ак китеп” чыгарат, анын өзөгүн жаштардын пикирлери түзмөкчү


Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун “Жаштар программасынын” коомчулук менен байланыш координатору Айнура Жапарованын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча, үстүбүздөгү жылдын январь айында, өлкөдөгү баардык аймактарда тегерек столдор өткөрүлгөн. Ага региондордогу активдүү жаштар катышып, жаштар саясаты, экономика, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо жана башка көптөгөн суроолордун айланасында талкуу өткөрүштү. Эми эртең, 21-январьда жыйынтыктоочу чоң конференция уюштурулуп, жыйынтыгында бийлик органдарына жаштардын сунушунан турган “Ак китеп” чыгарылаары пландалууда. Ал конференцияга чет мамлекеттерден да адистер келип катышаары күтүлүүдө. (ESu)

XS
SM
MD
LG